Бугу 04, 2025
Убакыт: 05:51
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Ошто 28-ноябрдан бери дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы кыз табылды

16.12.2021 10:51
558
Ошто 28-ноябрдан бери дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы кыз табылды

Ошто 28-ноябрдан бери дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы кыз табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 28-ноябрь күнү саат болжол менен 12:00 чамаларында Өзгөн районунун Кызыл-Сеңир айылынын тургуну 15 жаштагы Полотова Асемай Куршаб айылында жайгашкан Ы.Бектемиров атындагы орто мектебине кеткен бойдон дайынсыз болгондугун апасы 1983-жылы туулган П.К., билдирип арыз менен кайрылган. 


Аталган факты 2021-жылдын 3-декабрь күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын электрондук журналына катталып, тергөө иштери башталган.


Тергөөнүн жүрүшүндө дайынсыз жоголгон П.А., жүргөн жери такталып,  2021-жылдын 11-декабрында Өзгөн РИИБдин кызматкерлери тарабынан Ош шаарынан табылып, ата-энесине   кайтарылып берилди.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн