Бугу 03, 2025
Убакыт: 00:56
USD
87.30
87.80
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.090

Ошто муктаж 600 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

30.03.2020 17:47
846
Ошто муктаж 600 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

 

Ош облусунда жардамга муктаж 600 үй-бүлөгө азык-түлүк берилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Ош облусунун мусулмандар казыяты жана “Личность” коомдук кайрымдуулук фонду биргеликте жардамга муктаж 600 үй-бүлөгө ун, май, кум шекер, макарон, картошка, сабиз жана 2 миң медициналык бет кап тараткан.


“Жардамга муктаж жарандарыбыз аябай эле көп. Мындай  оор кырдаалда аларга колубуздан келишинче жардам берип,  унутпоообуз кажет. Кудай буюрса мындай илдеттен арылган кубанычтуу күн да келет”, — деген Ош облусунун мусулмандар казыятынын окуу бөлүмүнүн адиси Акжол ажы Бакиров.

 

 

 

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
аббас али
магада бир уйбулонун дарегин берсениздер прадукта менен камсыз кылып турсам иншаллах колдон келишинче