Бугу 18, 2024
Убакыт: 18:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ошто атасын бычактап өлтүргөн 26 жаштагы жаран кармалды

10.04.2023 11:38
430
Ошто атасын бычактап өлтүргөн 26 жаштагы жаран кармалды

Өз атасын бычактап өлтүргөн 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.


    Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, 2023-жылдын 7-апрель күнү саат 10.20 чамаларында Ош шаарындагы убактылуу жашап турган, Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын тургуну өз атасы менен чырдаша кетип, атасынын көкүрөк тушуна жанында салып жүргөн бүктөмө бычагы менен эки ирет сайып жиберген. Натыйжада, шектүүнүн 1967-жылы туулган атасы окуя болгон жерде каза болгон. Кылмыш ишинен соӊ, уулу милицияга өзү кабар берген. 


   Маркум ошол күнү өзү жашаган Папан айыл аймагынан баласынын убактылуу жашап турган Ош шаарынын Алымбеков көчөсүндөгү үйүнө келген. Шектүү катары кармалган уулунун берген көрсөтмөсүнө караганда экөө теӊ мас абалында болушкан. 


    Аталган кылмыш ишинин алкагында соттук-биологиялык, соттук-наркологиялык жана соттук-психиатриялык экспертизалар дайындалып, факты боюнча КЖКнын 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. 

 

  Шектүү 1997-жылы туулган. Мурда 2 жолу соттолгон. Ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

   



 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн