Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 06:15
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Ошто бир нече жолу соттолгон жаран тоноо фактысы боюнча камалды

13.03.2023 10:07
426
Ошто бир нече жолу соттолгон жаран тоноо фактысы боюнча камалды



2023-жылдын 9-март күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында тоноо фактысына шектелген жаран кармалды.  Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалым болгондой, Ош шаарынын тургуну 26 жаштагы М. уулу Б., аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда: 2023-жылдын 24-январынан 25-январына караган түнү 05:00 чамасында такси кызматы керек деп чакырып, Кара-Суу районунун аймагында бир даректи айтып ошол дарекке жеткенде айдоочунун (жабырлануучунун) денесине жараат келтирип, 10 000 (он миң) сом акчасын жана кышкы курткасын тартып алгандыгын билдирген.


Аталган факты Кара-Суу РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 206-беренесиндеги (тоноо) кылмыш белгилер боюнча кылмыш иши козголгон. 


Кылмышка шектүү 30 жаштагы Ш. уулу З., Баткен облусунун тургуну экендиги аныкталган. Ал буга чейин бир нече жолу соттолгон. 

Шектүүгө карата сот тарабынан баш коргоо чарасы каралып, 30-апрелге чейин камакка калтырылды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн