Ош шаарындагы А.Навои эс алуу багындагы мыйзамсыз 11 курулуш имараты бузулууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэриясы эс алуу багындагы 11 коммерциялык багыттагы курулуштардын жер аянттарын кайтарып алуу боюнча бардык соттук жараяндан утуп чыккан.
Эскертүүлөргө карабастан курулуш ээлери имараттарды бузуп алуу иштерин жүргүзбөй келишкен. Алардын ичинен жетөөсү Ак-Буура дарыясынын корук аймагына курулуп калган.
Бүгүн муниципалдык менчик башкармалыгы аталган 11 имаратты бузуп, алып салуу иштерин баштады. Менчик ээлеринин арасында бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин да мүлктөрү бар.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн