Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 12:19
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ошто өткөн XVI эл аралык айтыштын жеңүүчүлөрү аныкталды (тизме)

01.09.2023 12:46
2234
Ошто өткөн XVI эл аралык айтыштын жеңүүчүлөрү аныкталды (тизме)


Эгемендиктин 32 жылдыгына карата жана алгачкы агартуучу, жазгыч акын, ойчул Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына арналган XVI эл аралык айтыш жыйынтыкталды.

Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында эки күн бою өткөн кош байгелүү айтышка 8 кыргыз акыны жана 8 казак акыны катышты. Бул жолу казак акындарынын экөө Монголиядан, бирөө Өзбекстандан келди.

Калыстардын берген упайынын жыйынтыктыгы менен төмөнкү төкмө акындар жеңишке жетти:

Баш байге, 450 миң сом - Азамат Болгонбаев (Кыргызстан),

Баш байге, 450 миң сом - Муктар Ниязов (Казакстан),

Биринчи орун, 300 миң сом - Изат Айдаркулова (Кыргызстан),

Биринчи орун, 300 миң сом - Казырет Бердихан (Казакстан),

Экинчи орун, 200 миң сом - Асылбек Маратов, (Кыргызстан),

Экинчи орун, 200 миң сом - Данияр Алдаберген( Казакстан)

Үчүнчү орун, 100 миң сом - Чынгызхан Кожошев, (Кыргызстан),

Үчүнчү орун, 100 миң сом - Талгат Орынбеков (Өзбекстан).

Атайын кызыктыруучу сыйлыкка 70 миң сом акчалай байге каралып, ал төмөнкү төкмө акындарга ыйгарылды:

Тилек Базар уулу (Монголия),

Аманжол Куанткан (Монголия),

Нурмат Мансуров (Казакстан),

Айчолпан Түлөхан (Казакстан),

Баян Акматов (Кыргызстан),

Акмат Султан уулу (Кыргызстан),

Кубат Тукешов (Кыргызстан),

Кутман Садыбакасов (Кыргызстан).

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн