Жетинин айы 05, 2025
Убакыт: 02:46
USD
87.30
87.80
EUR
100.20
101.20
RUB
1.075
1.105

Ошто өткөрмө пропуск менен 10 кылмыш иши козголду

11.04.2020 12:37
1432
Ошто өткөрмө пропуск менен 10 кылмыш иши козголду


Ош облусунун аймагында өткөрмө пропуск менен 10 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов айтты.


Анын айтуусуна караганда, учурда блокпосттордон өтүү үчүн уруксат кагаздары себепсиз берилбейт.


“25-марттан бери өткөрмө кагазын алып жеке кызыкчылыгына колдонгон 10 учур катталды. Аларга карата кылмыш иши козголгон. Учурда башка учурларды да аныктоо иштери жүрүп жатат”, - деди Маликов.


Ошондой эле, азык-түлүк жана ун менен жардам кылам деген жарандар болсо, аларды тартип сакчылары өзүлөрү коштоп барууга даяр экенин айтты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн