Баш оона 05, 2025
Убакыт: 06:19
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.085
1.110

Ошто таштанды сорттоочу урналар орнотула баштады

01.10.2022 08:16
943
Ошто таштанды сорттоочу урналар орнотула баштады

Ош шаарындагы коомдук жайларга “Ош-Тазалык” ишканасы тарабынан жаңы сорттоочу урналарды орнотуу иштери 30-сентябрдан тарта башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.


Орнотуу учурунда адамдар көп жүрүүчү жерлерге өзгөчө көңүл бурулат: коомдук транспорт аялдамалары, парктар, сейил бактар.


Долбоордун негизги максаты – калк арасында таштандыларды сорттоону калыптандыруу. Бүгүнкү күндө 5 жерге сорттоочу урналар коюлса, алдыда билим берүү мекемелеринин жанына, эс алуучу жайларына урналарды орнотуу пландалууда.


Белгилей кетсек, бул иштер “Ош-Тазалык” ишканасынын жетекчиси Нурбек Исмаиловдун демилгеси менен шаардагы тазалыкты жана тартипти сактоо максатында колго алынууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн