Кулжа 11, 2025
Убакыт: 09:16
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.105
1.135

Ошто таштандыларды утилдештирүү боюнча заводдун курулушу башталды

10.06.2025 13:36
30
Ошто таштандыларды утилдештирүү боюнча заводдун курулушу башталды


Ош шаарындагы таштандыларды утилдештирүү боюнча заводдун мезгил кутуусу салынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.


Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, “Хунань Цзюньсинь Хуаньбао” жоопкерчилиги чектелген коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Дай Даого жана шаар тургундары, мекеме-ишкана жетекчилери катышты. 


Долбоорлу ишке ашырууда алгач 2023-жылы меморандумга кол коюлса, 2025-жылы 3-мартта долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюлуп, бүгүн заводдун расмий курулушуна старт берилип, капсуласы салынды.


Шаар мэри Жеңишбек Токторбаев “Бул долбоор келечекке кам көрүүгө жасалган кадам катары шаардык инфратүзүмдүн жаңылануусун, экологиялык коопсуздукка болгон камкордук”-экендигин айтты. Ошондой эле таштандыларды утилдештирүү менен алгачкы этабында таштандыларды иштетүүчү электр станциясы курулуп, күнүнө 850 (сегиз жүз элүү) тоннага чейин таштандыларды кайра иштетүү кубаттуулугуна ээ болуп, саатына 30 мегаватт электр энергиясын өндүрө аларын кошумчалады.


Кийинки этаптарда жылуулук энергиясын өндүрүү дагы пландалып, кыш мезгилинде шаардагы көп кабаттуу үйлөрдү жана башка керектөөчүлөрдү жылуулук менен камсыз кылуу, 300 мегаватт кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруу каралган.


Жыл сайын Ош шаарында орточо 200 миң тонна таштанды чыгат. Буга чейин алар ачык полигондордо чогулуп, шаар атмосферасын булгап, терс таасирин тийгизип турса, эми заманбап технологиялар менен иштетилип, жаратылышка зыяны азаят. Жалпы инвестициянын суммасы болжол менен 95 млн долларды түзөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн