Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Оштогу “Кара-Алма” эс алуу жайы күйүп кетти

09.07.2020 09:06
2068
Оштогу “Кара-Алма” эс алуу жайы күйүп кетти


Ош шаарындагы “Кара-Алма” эс алуу жайы күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 8-июль күнү саат 20:05 чамасында Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан “Кара-Алма” эс алуу жайы күйгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 145 чарчы метр.


Өрттөн жабыркаган жана каза болгон адамдар катталган эмес.


Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 20:21де чектөөгө алынып, саат 21:04тө толук өчүрүлгөн.


Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталып жатканы айтылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн