Кулжа 18, 2025
Убакыт: 15:08
USD
87.30
87.80
EUR
100.00
101.00
RUB
1.100
1.140

Оштун Ак-Тилек конушунда төрт көчө асфальтталып, үч көпүрө пайдаланууга берилди

18.06.2025 09:52
30
Оштун Ак-Тилек конушунда төрт көчө асфальтталып, үч көпүрө пайдаланууга берилди


Ош шаарынын Ак-Тилек конушунда төрт көчө асфальтталып, үч көпүрө курулуп пайдаланууга берилди.


Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр Жеңишбек Токторбаев рейддик кыдыруусу учурунда Ак-Тилек кичи районундагы №5-10-11-көчөлөрүнүн жашоочуларынын сунуштарын уккан. Анын негизинде аталган үч көчөнү жана Улан Жороев көчөсүн толук капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүп, жолго толук асфальт төшөп, оңдоо тапшырмасын берген. 


Берилген тапшырма аткарылып, бүгүн төрт көчөгө асфальт басылып, пайдаланууга берилди. Аны менен бирге Ак-Тилек кичи району менен Достук кичи районунун байланыштырган үч көчөнүн башына көпүрө курулуп бүттү. Мурда эки район жашоочулары көпүрөнүн жоктугунан улам айланып, жол жүрүүгө аргасыз болушкан. Көпүрөлөрдүн курулушу менен жашоочуларга бир топ жеңилдиктер пайда болду. 


Ачылыш аземине мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңеш төрагасы Болот Баетов, жергиликтүү тургундар жана мекеме ишкана жетекчилери катышып, жасалган жумуштар менен таанышып, жеринен көрүп чыгышты. 

Эске салсак, жолдун эки тарабына ирригациялык лотоктор орнотулуп, жашыл аймак каралып, тротуар курулган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн