Бугу 16, 2024
Убакыт: 12:29
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Памирлик кыргыздардын кесиптик лицейде билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлдү

05.04.2024 17:05
140
Памирлик кыргыздардын кесиптик лицейде  билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлдү


Үстүбүздөгү жылдын 8-апрелинен тарта Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылындагы №67 кесиптик лицейде памирлик кыргыздар электр газ ширетүүчү, айдоочулук, тигүүчүлүк кесиптери боюнча окутула баштайт.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, 4-апрелде аталган кесиптик лицейдин администрациясы жана өндүрүштүк окутуунун устаттары Афганистандан көчүрүлүп келген памирлик кыргыздар менен жолугушуу өткөрүп, лицейде окуй тургандардын тизмесин түздү.

Лицейдин администрациясы Алай райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жумуш менен камсыз кылуу бөлүмүнө кат жолдоп, жыйынтыгында памирлик кыргыздар жумушсуздардын катарына кабыл алынып, №67 кесиптик лицейине окууга жөнөтүлө турган болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн