Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 18:54
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Панфилов районунда жеке компания айыл өкмөттү миллиондогон сомго алдап кеткен

20.03.2024 10:46
107
Панфилов районунда жеке компания айыл өкмөттү миллиондогон сомго алдап кеткен


Чүй облусунда жеке компаниянын директору өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Э., «НЕК ЛТД» ЖЧКсынын директору, жаран Т.Эге чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.


«Келишим боюнча 30 жумушчу күндүн ичинде 15 млн 3 миң 640 сомдук жаңы сугат лотокторун орнотуусу керек болчу. Бирок, 12 миллион 241 миң 222 сом алып, милдеттенмесин аткарбай, дайынсыз жоголгон. Ошентип мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген», - деп айтылат билдирүүдө.


Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип, 1985-жылы туулган Т.Э., кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн