Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Пара алууга шектелип кармалган ЖОЖдун деканы үй камагына чыкты

24.06.2021 16:21
3127
Пара алууга шектелип кармалган ЖОЖдун деканы үй камагына чыкты


Ош шаарында студенттерден пара алууга шектелип кармалган декан кызматынан убактылуу четтетилип, үй камагына чыкты. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал Ош шаарындагы туруктуу жашаган дарегинен эч жакка кетпөөсү эскертилген.

Шектүүнүн кант диабети боюнча каттоодо турганы, жашы жете элек балдарын өзү жалгыз чоңойтуп жатканы жана туруктуу жашаган жери бар экени эске алынган.

Буга чейин Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ош филиалынын айрым кызмат адамдары пара алууга катыштыгы бар экендиги аныкталган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн