Кулжа 18, 2025
Убакыт: 12:28
USD
87.30
87.80
EUR
100.00
101.00
RUB
1.100
1.140

Парламентте үч жаңы депутат ант берди

08.05.2024 16:20
504
Парламентте үч жаңы депутат ант берди


Жогорку Кеңеште шайланып келген үч депутат ант берип, ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.


№2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан Бактыяр Калпаев, №9 Кара-Суу шайлоо округунан Илимбек Кубанычбеков, №7 Ош шайлоо округунан Бекмурза Эргешов депутаттыкка шайланган.


Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Нурлан Ражабалиев, Искендер Матраимов, Айбек Осмоновдор мандатынан баш тартып, 28-апрелде мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн. Ал эми 7-майда БШК жаңы шайланган депутаттарга күбөлүк жана төш белгилерди тапшырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн