Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 12:31
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Патрулдук милиция коомдук транспорттун айдоочуларын масштабдуу текшерүүнү баштады

17.04.2024 10:59
188
Патрулдук милиция коомдук транспорттун айдоочуларын масштабдуу текшерүүнү баштады


ИИМдин Кайгуул-күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери жол кырсыктары көбөйгөнүнө байланыштуу коомдук транспорттун айдоочуларын масштабдуу текшерүүнү баштады, деп билдирди башкармалыктын басма сөз кызматы.


Текшерүүгө кичи автобустар менен автобустардын катышуусундагы кырсыктар себеп болгон.


Алар айдоочулар менен профилактикалык иш-чараларды жүргүзүп, коомдук транспорттун техникалык абалын да карашат. Айдоочуларда ичимдиктин бар-жогу, автоунаалардын техникалык жарактуулугу, аптечка жана өрт өчүргүчтөрдүн бар-жогу текшерилет.


Мындан тышкары, Бишкек шаарындагы автобазалардан чыга беришинде сынак жүргүзүлөт. Негизги көйгөй – бузулган автобустар. Мындай учурда инспекторлор аларды дароо оңдоо үчүн кайра автобазага кайтарышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн