Бугу 03, 2025
Убакыт: 02:56
USD
87.30
87.80
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.090

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Азербайжанга барат

04.07.2024 16:26
344
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Азербайжанга барат


Президент Садыр Жапаров 5-6-июлда Азербайжанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.


“Мамлекет башчысы Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) мүчө өлкө башчыларынын бейформал саммитине катышат. Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жолугушуусунун темасы "Транспорт, байланыш жана климаттык иш-чаралар аркылуу туруктуу келечекти түзүүнү камсыз кылуу" болуп саналат.

Тараптар жаратылыш коркунучтарынан келип чыккан табигый кырсыктарга, климаттын өзгөрүшүнө жамааттык жооп кайтаруу чараларын жана ТМУга мүчө өлкөлөрдүн транспорттук өз ара байланышын бекемдөөнү талкуулашат.

Саммиттин ишине Уюмдун катышуучу-мамлекеттеринин – Азербайжан, Казакстан , Өзбекстан мамлекет башчылары, Түркия жана Венгриянын өкмөт башчылары катышат” - деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн