Аяк оона 04, 2025
Убакыт: 21:51
USD
87.30
87.80
EUR
101.30
102.30
RUB
1.072
1.100

Президент Садыр Жапаровду Малайзияда расмий тосуп алуу аземи өттү

25.06.2025 11:19
111
Президент Садыр Жапаровду Малайзияда расмий тосуп алуу аземи өттү


Бүгүн, 25-июнда Путраджая шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим тарабынан расмий тосуп алуу аземи болуп өттү.


Азем Малайзиянын премьер-министринин «Пердана Путра» кеңсесинин имаратында өттү. Кыргыз Республикасынын президентин Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим тосуп алды. Өз ара саламдашуудан кийин эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.


Ардак кароол ротасынын командири саламдашуу рапортун берди. Андан соң президент Садыр Жапаров Ардак кароол ротасын кыдырып чыкты.


Аземдин жүрүшүндө эки мамлекеттин делегация мүчөлөрүнүн расмий тааныштыруу болду. Андан кийин президент Садыр Жапаров Малайзиянын премьер-министринин кеңсесинин Ардактуу коноктор китебине жазуу калтырып, өкмөт башчынын жеке кабинети менен таанышты.


Азем аяктагандан кийин делегация башчылары сүйлөшүү залына бет алышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн