Кулжа 17, 2025
Убакыт: 13:09
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.140

Президент дайынсыз болгон Жумгал районунун Өрнөк айылынын тургундарын издөөнү күчөтүүнү тапшырды

28.10.2024 12:16
245
Президент дайынсыз болгон Жумгал районунун Өрнөк айылынын тургундарын издөөнү күчөтүүнү тапшырды


Президент Садыр Жапаров дайынсыз болгон Жумгал районунун Өрнөк айылынын тургундарын издөөнү күчөтүүнү тапшырды.

Өлкө башчысынын тапшырмасы менен 16-октябрда Жумгал районунун Өрнөк айылынын дайынсыз жоголгон тургундарын: 49 жаштагы К.Б. жана анын 9 жаштагы уулу С.Б. издөө үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Ички иштер министрлигинин кошумча күчтөрү тартылды.

Издөө натыйжалуулугун жогорулатуу максатында дрондор дагы колдонулмакчы. Учурда издөө иштери Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда да жүргүзүлүүдө, анткени Көкөмерен дарыясы бул районго тез агып барат.

Белгилей кетсек, Жумгал районундагы Өрнөк айылынын 49 жаштагы К.Б . жана 9 жаштагы С.Б. аттуу тургундары 16-октябрь күнү мал кайтаруу үчүн жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн