«Аталардын жасап кеткен чен-өлчөмсүз иштерин, ондогон миллион бейкүнөө адамдардын өмүрүн алган алааматтуу согуштун адам баласына тийгизген кесепеттерин урпактар эч качан унутпашы үчүн тынчтыктын, бейпилчиликтин баасын-баркын билип жашоону кийинки муунга үйрөтүүгө милдеттүүбүз», - деп Кыргыз Республикасынын президенти – Куралдуу күчтөрдүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров бүгүн, 8-майда, «Ала-Тоо» борбордук аянтында кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктап жатып белгиледи.
Мамлекет башчысынын куттуктоосунун текстин келтиребиз:
«Улуу Ата Мекендик согуштун ардактуу ардагерлери!
Кымбаттуу оорук эмгекчилери!
Урматтуу мекендештер жана кадырлуу меймандар!
Бүгүн биз Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөр менен бирдикте Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын белгилеп жатабыз. 9-май – Улуу Жеңиш күнү жүздөгөн элдердин ар бир муунун бириктирген ыйык күн! Ата-бабаларыбыздын майтарылбаган эркин, күжүрмөндүгүн жана баатырдыгын эске салып туруучу өзгөчө дата! Мына ошондуктан, “Эч ким, эч нерсе эч качан унутулбайт!” деген осуят бүгүнкү күнгө чейин чын жүрөктөн айтылып келет.
Биз, кан майданда курман болгон миллиондогон адамдардын жаркын элесинин алдында башыбызды ийебиз. Мына ошол алааматтан аман-эсен калып, өз Мекенине Жеңиш менен кайткан ардагерлерибизге, Жеңишке жетүүдө кан майдандагылардын демине дем берип колдоп, тапкан-ташыганын фронтко жөнөтүп турган оорук эмгекчилерине түбөлүк таазим этебиз!
Алгач баарыңыздарды ачык асман, бейпил турмуш тартуулаган бүгүнкү Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!
Сүйүктүү Кыргызстаныбызда ар дайым тынчтык өкүм сүрсүн!
Урматтуу мекендештер!
Адамзат тарыхындагы эң чоң апаат –миллиондогон адамдардын өмүрүн жалмаган Экинчи Дүйнөлүк согуш, анын ичинде Улуу Ата Мекендик согуштун кесепеттүү азабы бүгүнкү күнгө чейин кайгыруу менен эскерилип келет. Германиянын жана анын союздаштарынын согуш отун тутантып жибериши, ал эми 1941-жылы СССРге кол салышы бүтүндөй Европа, Азия, Африка аймагындагы өлкөлөрдүн жай турмушуна бүлүк салып, жан чыдагыс азап-тозок, кыргын-сүргүндөр менен коштолгон. Борбор Азия өлкөлөрүнөн эр бүлө аттуунун баары, анын ичинде Кыргызстандын ар бир төртүнчү жараны фашисттик Германияга каршы аттанып, тилекке каршы, алардын жарымы кан майдандан кайтпай калса, келгендеринин бир тобу ар кандай жаракат менен жарым жан болуп кайтышкан.
Биз мына ошол кан кечкен майданда Союздун курамындагы бардык элдердин өкүлдөрү менен ийиндеше салгылашкан ата-бабаларыбызды сыймыктануу менен эскеребиз.
Алар бүткүл дүйнө жүзүнө Айкөл Манас бабабыздан калган баатырдыктын, өлүмдөн жалтанбаган көкжалдыктын үлгүсүн көрсөтүштү. Душмандын дзотунун ажал бүрккөн амбразурасын көкүрөгү менен жапкан Чолпонбай Түлөбердиев менен Акматыш Түмөнбаев, Москва шаарын коргоодо 28 панфиловчу катары атагы чыккан Дүйшөнкул Шопоков менен Николай Ананьев, күйүп бараткан учагын душмандын колоннасына багыттап, өзү менен кошо жардырып курман болгон Исмаилбек Таранчиев, Украин жериндеги салгылашууда өзгөчө эрдик көрсөткөн Дайыр Асанов, “Берлинге чабуул” операциясында өзгөчөлөнгөн Калыйнур Үсөнбеков, Акматбек Сүйүнбаев жана башка аталарыбыз менен абдан сыймыктанабыз. Биз бул аталар сындуу эрдик көрсөткөн миңдеген баатырларыбыздын ысымдарын эч качан унутпайбыз. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында дал ушундай эр жүрөк кыргызстандыктар алдыңкы сапта туруп, кыргыз элинин ар-намысы менен абийирин коргогон. Андыктан биз согушта эрдиги менен айырмаланган ар бир жоокер атабызды “баатыр” деп санайбыз!!!
Тилекке каршы, үйдө калган жубайына, уул-кыздарына, күтүүдөн саргайып бүткөн ата-энелерине кайтпай калган жоокерлер, дайын-оту билинбеген аскерлер канча! Биз Ата Журтун жанынан артык көрүп, Мекен деп жанын берип курман болгон аталарыбызга башыбызды ийип, таазим кылабыз!
Башында Иван Васильевич Панфилов турган, кыргызстандыктар менен казакстандыктардан түзүлгөн 316-Аткычтар дивизиясынын кан майдандагы орду ар дайым баса белгиленип, айтып турууга арзыйт. Легендага айланган бул дивизия согуштун башынан-аягына чейин маанилүү роль ойногон. Москва шаарын коргогон панфиловчу-жоокерлердин өзгөчө эрдиги дүйнө жүзүнө маалым. Дал ошол Дубосеково жолундагы кандуу кармаштан баштап согуштун нугу өзгөрүп, аталарыбыз баскынчылардын мизин кайтарып, чабуулга өтүшкөн. Мына ошондуктан Панфилов дивизиясынын туусун азыркыга чейин ардактап, сыймыктануу менен сактап келебиз.
Кыргызстандан кан майданга жалпысынан 360 миңден ашуун мекендешибиз аттанган. Бул сан ошол кездеги өлкө калкынын төрттөн бир бөлүгүн түзгөн. Улам жаңы изилдөөлөр жүрүп, Кыргызстандан согушка аттангандардын, согушта көрсөткөн эрдиги менен айырмалангандар саны алда канча көп экени далилденүүдө. Мунун өзү биздин тарыхчылардын ата-бабаларыбыздын элеси үчүн тактап жаза турган иштеринин арбындыгынан кабар берип турат.
Урматтуу мекендештер!
Жеңиштин келишине кан майдандагылардын эле эмес, оорукта эмгектенгендердин да салымы эбегейсиз! Миңдеген советтик атуулдардын оорукта туруп, кан кечкен жоокерлердин колуна кол, бутуна бут, демине дем болуп беришти.
Согуш жылдарында Кыргызстанда жергиликтүү кен байлыктарды колдонгон согуш индустриясын өнүктүрүү маселеси колго алынган. Муктаждыктан улам, өлкөбүзгө Россия, Беларусия жана башка өлкөлөрдөн отуздан ашуун өнөр жай ишканаларынан техникалык жабдуулар көчүрүлүп келген. Натыйжада фронтко керектүү продукцияларды чыгаруу үчүн “Красный швейник” фабрикасы, “Красный металлист”, Фрунзе заводдору, Ош жибек комбинаты, Кант, Беловодск кант заводдору жана башкалар тез арада ишке кирген. Ошол кезде бул завод-фабрикалар фронтко бардык жактан күчөтүлгөн жардам көрсөтүүнүн маанилүү фактору эле. Республика аймагындагы Кадамжай сурьма, Хайдаркан сымап комбинаттары, Ак-Түз коргошун заводу, сейрек кездешүүчү металлдар иштетилген Кашка-Суу заводу курулуп, ишке киргизилген. Өнөр жай ишканаларынан кыргыз коргошунунан куюлган октор, кыргыз сымабы кошулган жардыруучу заттар согушка жөнөтүлүп турган. Завод-фабрикаларда 10 сааттык жумуш күнү киргизилип, оорукта калган аялзаты, өспүрүм балдар жана кары-картаңдар согуштун оор шарттарында чарчоо дегенди билбей, “Ач карын тоюнат, жыртык кийим бүтөлөт, эң башкысы Жеңиш күн келет!” деген ураан менен чыйралып, тикесинен тик турушкан.
1941-1945-жылдары Кыргызстан 1-2-даражадагы пулемёт, миномёт аткычтарды, андан сырткары медайым, санинструктор баштаган миңдеген башка адистерди даярдап бергенин айта кетсем ашыкча болбос.
Урматтуу кыргызстандыктар!
1942-жылы февраль айында Улуу Ата Мекендик согушта курчоодо калган Ленинград шаарына Кыргызстандан атайын делегация 52 вагон азык-түлүк жеткирип, жергиликтүү элдин духун, атуулдук сезимин көтөрүп, достукту, биримдикти бекемдеп келгенин эч ким унутпайт! Мындан сырткары Ленинграддан Кыргызстанга көчүрүлүп келген 16 миңден ашуун адам, алардын ичинде турмуштун ачуу-таттуусун биле элек 3,5 миңдей баланы өз балдарындай асырап чоңойтушкандыгы элибиздин мээримдүүлүгүн, айкөлдүгүн айгинелеп турат. Алардын бири Ленинград шаарынан Ысык-Көл облусуна алып келинген ач-жылаңач, ооруга чалдыккан, кусага баткан 150 балага кам көрүп, энелик мээримин төгүп асыраган ошол кездеги айылдык кеңештин 16 жаштагы катчысы Токтогон Алтыбасарованын жасаган эрдиги, басып өткөн өмүр жолу өзүнчө бир даңазага айланды. Демек Улуу Ата Мекендик согушта ажал бүрккөн амбразуранын оозун жапкан Чолпонбайдай аталарыбыздан тарта ооруктагы Токтогон Алтыбасаровадай апаларыбыз ченеми жок эрдикти, өлчөөсү жок чыдамкайлыкты гана көрсөтпөстөн, адамдык ар-намыстын, ариет-күчтүн эң мыкты үлгүсүн да даңазалашкан. Совет элинин биримдигинин, ажырагыс достугунун тарыхы катары жазылып калган мындай окуялар жүздөп саналат.
Урматтуу мекендештер!
Бүгүнкү күндө биз ошол Ата Мекенин каны менен, жаны менен коргоп, азыр да арабызда аксакалын жайкалтып тирүү жүргөн аталарыбыз менен ак саамайлуу апаларыбызга жогорку деңгээлдеги сый-урмат, камкордук көрсөтүүгө аракет кылып келебиз.
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, согуштун майыптарына, концлагерлерде жашы жете электе туткун болгондорго, “Ленинградды коргоо үчүн” медалынын ээлерине жана башка категориядагы жарандарыбызга ай сайын 10 000 сомдон берүү тууралуу Жарлыкка кол койгом. Ал эми жакында эле кабыл алган Жарлыкка ылайык, өлкөбүздөгү Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 100 миң сомдон бир жолку материалдык жардам көрсөтүлдү.
Тилекке каршы, жылдан жылга ардагерлерибиздин катары суюлуп барат! Бирок Айкөл Манасын, Барсбек бабасын унутпаган кыргыз Улуу Ата Мекендик согуштагы баатырларын да унутпайт деп ишенем. Биз согуш ардагерлерин да, оорук эмгекчилерин да көзү тирүүсүндө барктап-баалап, даңктап-даңазалап калалы!
Ушул жерде көкүрөгүнө орден-медалдарды тагынып, Улуу Жеңиштин көркүнө көрк кошуп олтурган ар бир ардагер жөн эле согуштун же ооруктун катышуучусу эмес, алар – бизге бейпил жашоо бактысын тартуулаган чыныгы баатырлар десем жарашат!
Ар жыл сайын Улуу Жеңишти майрамдоодо биздин төрүбүздө болуңуздар, кымбаттуу баатырлар!
Урматтуу генералдар, офицерлер жана катардагы аскерлер!
Бүгүнкү күндө элибиздин бейпилдигин, жерибиздин тынчтыгын коргогон аталарыбыздын жолун улап, Мекен коргоо деген кесипке баш-оту менен берилип, берген антыңыздарга бекем туруп, түндүгүнөн күн нуру жаркыраган кырмызы кызыл туубузду бийик көкөлөтүп келатасыңар. Мамлекет Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү баштаган күч органдарынын эң жогорку талаптарга жооп бериши үчүн бардык аракеттерди көрүүдө. Биз сыймыктанган Мекен коргоочуларыбыз заман талабына ылайык зарыл болгон бардык шарттар менен камсыз болушу керек!
Биздин Куралдуу күчтөрүбүздүн жана башка аскердик түзүмдөрдүн бюджети 2020-жылдарга салыштырмалуу 400 пайыздан ашык көбөйтүлдү. Аскерлерибиз заманбап курал-жарак менен камсыз болууда, аскердик шаарчалардын жана гарнизондордун инфратүзүмү өнүгүүдө. Материалдык-техникалык жабдуулар татыктуу деңгээлде камсыздалууда.
Аскерлерибиздин жана укук коргоо органдарыбыздын кызматкерлеринин үй-бүлөсү коомубузда өзүн ишенимдүү жана татыктуу сезиши үчүн алардын айлык маяналары үстүбүздөгү жылдын 1-январынан баштап дагы көтөрүлдү, убактылуу турак жайды жалдагандыгы үчүн акчалай компенсациянын көлөмү да жогорулатылды.
Дагы бир жагымдуу кабар менен бөлүшө кетейин. Ушул жылдын 1-июлунан тарта күч органдарынын офицердик курамынын эмгек акысы орто эсеп менен 35 % (пайызга) көбөйтүлөт, ал эми контракттык кызматтагы аскер кызматчыларынын маянасы 1-ноябрдан баштап ушундай эле көбөйтүлөрү пландалууда.
Бул аракеттер жөн гана колдоо чарасы эмес, бул – Мекенди коргоо кызматындагылардын күнү-түнү көз ирмебей “Эл четинде – жоо бетинде” тургандагы мээнетин баалоо болуп эсептелет. Тагыраак айтканда, биз коргонуу жөндөмдүүлүгүбүздү чыңдап жатабыз.
Кудайга шүгүр, буюрса Кыргызстаныбыздын коңшулар менен бардык чеги такталып, ар бир метр жери белгиленип, зым тартыла баштады. Биз дүйнө коомчулугуна жаңжал чыгара турган опурталдуу маселелерди тынчтык жолу менен чечсе болорун далилдедик.
Булардын баары Сиздердин Ата Мекенге берилүү менен эмгек өтөп, сүйүктүү Кыргызстанга, биримдиктүү Кыргызстан элине, өлкө жетекчилигине өтөгөн ак кызматыңыздардын аркасында ишке ашты.
Кадырман калайык-калк!
Улуу Ата Мекендик согуш маалындагы кырчылдашкан салгылаштарда биздин жоокерлердин эр жүрөктүүлүгү менен ооруктагы жумушчулардын, дыйкандардын, аялдар менен балдардын тер төккөн мээнети — мына ушул жуурулушкан эки мүдөө жалпы Жеӊишибиздин ачкычы болуп берди.
Бул Улуу Жеӊишти бирдиктүү Советтер Союзунун бардык элдери камсыз кылган. Демек, бул – орток Жеңиш, баарыбыздын Жеңишибиз!
Жеңишти камсыз кылгандардын эмгеги жалпы адамзаттын тынчтыкта жашоого умтулуусуна багыт катары түбөлүк шам чырак болуп жаркырап жансын!
Экинчи дүйнөлүк согуш – жеке эле КМШ чөлкөмү үчүн гана эмес, бүткүл адамзат үчүн чоң сабак болуш керек! Андан азыр да туура жыйынтык чыгара билишибиз кажет!
Бүгүнкү күндө ар кандай жаңжалдардын чыгып кетүү коркунучу тооруп турганда өткөн тарыхтан сабак алуу өтө маанилүү деп эсептейм. Эгерде глобалдык конфликттер чыгып кете турган болсо, анда мамлекеттерди жана улуттарды чоң кичине деп ылгабастыгын өткөн тарых: Биринчи дүйнөлүк согуш дагы, Экинчи дүйнөлүк согуш дагы көрсөттү. Ушул согуштарда бир ууч кыргыз эли оңбогондой зыян тартты.
Эми мындан ары мындай кызыл кыргынды болтурбоонун жолун издөө азыр да актуалдуу. Биз мына ошого жооптуу болушубуз абзел!
Аталардын жасап кеткен чен-өлчөмсүз иштерин, ондогон миллион бейкүнөө адамдардын өмүрүн алган алааматтуу согуштун адам баласына тийгизген кесепеттерин урпактар эч качан унутпашы үчүн тынчтыктын, бейпилчиликтин баасын-баркын билип жашоону кийинки муунга үйрөтүүгө милдеттүүбүз. Аталарыбыздын өмүрү менен келген тынчтыкты балдарыбыз менен неберелерибиз үчүн сактап калышыбыз зарыл.
Мына ошондуктан биз ар жыл сайын Улуу Жеңишти ары сыймыктануу, ары урматтоо, ары сабак болуш үчүн белгилейбиз!
Улуу Жеңишти алып келген аталар менен түбөлүк сыймыктанабыз. Себеби бул наркы бийик муун өкүлдөрүнүн эрдиги – улутубуздун руханий тиреги!
Аталарыбыз кан кечкен согушта Улуу Жеңишке жетсе, биздин муун мамлекеттүүлүктү чыңдоо жана улуттун бейпил келечеги үчүн эмгектенүү жолунда улуу жеңиштерге жетсин деп тилек кылалы.
Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктаймын!
УРРААА!!!».
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн