Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Путин Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Алар эмнени талкуулашты?

31.05.2022 08:16
581
Путин Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Алар эмнени талкуулашты?


Россия менен Түркиянын президенттери Владимир Путин жана Режеп Тайип  Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн Кремль билдирди.

Эки тараптуу мамиле, анын ичинен соода-экономикалык жааттагы кызматташуу боюнча сүйлөшүү жүргөн. Андан сырткары, башында өкмөт төрагасынын орун басары Александр Новак турган Россия — Түркия өкмөт аралык комиссиянын жакында Түркияга болгон сапарынын жыйынтыгын кеп кылышкан.

Энергетика, транспорт, туризм тармагында эки тарапка тең пайдалуу болгондой кылып алакаларды бекемдөө боюнча сөз болгон. Талкуу учурунда Украинадагы абалга да басым жасалып, Кара жана Азов деңиздеринде кемелердин коопсуздугун камсыздоо, алардын акваторияларында миналардын кооптуулугун четтетүү да сүйлөшүлгөн.

Путин Россия тараптын түрк өнөктөштөр менен биргеликте жүктөрдү тоскоолдуксуз кылып деңиз транзитинде координациялоого көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин белгилеген. Бул Украина портторунан дан эгиндерин алып чыгуу маселесине тиешелүү.

"Батыш мамлекеттеринин алысты көрө албаган финансылык-экономикалык саясатынан улам дүйнөлүк азык-түлүк рыногунда көйгөй жаралды.  Антироссиялык тиешелүү санкциялар алынса Россия бир топ көлөмдөгү айыл чарба продукцияларын жана жер семирткичтерди экспорттоого даяр", — дешти Кремлден.

Эки президент булардан сырткары аймактык саясат боюнча да маселелерге токтолушкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн