Бугу 15, 2024
Убакыт: 16:06
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Равшан Жээнбеков Тажикстандын мурдагы министрин сынга алды

01.04.2021 10:30
819
Равшан Жээнбеков Тажикстандын мурдагы министрин сынга алды


Саясатчы Равшан Жээнбеков Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифинин Камчыбек Ташиев боюнча айткандарын сынга алды. Бул тууралуу Жээнбеков Фейсбук баракчасына жазды.


Анын айтымында, чек ара маселесин чечүү аяр маселе болгондуктан тажик министринин жекеге өткөнү дипломтиядан түшүнбөгөндүктүн белгиси.


"Эки мамлекеттин, өзгөчө коңшу өлкөлөрдүн, ортосундагы мамиледе максималдуу түрдө дипломатия, толеранттуулук мамиле кармалат. Чек ара маселеси аябагандай оор жана чатак маселе. Ансыз дагы конфликтке баруу мүмкүнчүлүк жогору. 


Менин байкашымча К. Ташиев коңшу өлкө лидерлерине эч жаман сөз айткан жок. А коңшу өлкөнүн мурдагы ТИМ башчысынын жекелике өтүп, орой сөздөрдү айтышы дипломатияга жана коңшулук мамилеге жатпайт. Чектен чыккандык. 


Профессионалдуу дипломаттар мындай кадамга барбайт" ,- деп билдирүү калтырган Равшан Жээнбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн