Бугу 03, 2025
Убакыт: 21:52
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Райым Матраимов убада кылган акчанын жарымынан көбүн которду

21.12.2020 11:54
1150
Райым Матраимов убада кылган акчанын жарымынан көбүн которду


Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов өзү убада кылган сумманын 61,1%ын төктү. Бул тууралуу  Каржы министрлиги кабарлады.


18-декабрга карата Райымбек Матраимов Каржы министрлигиин атайын эсебине 1 миллиард 223 миллион 512 миң сом которгон. Акыркы 10 күндө ал 450,1 миллион сом которсо, октябрь-ноябрь айларында 646,3 миллион сом которгон.


Жалпысынан 1 миллиард 350 миллион 95 миң сом депозиттик эсепке чегерилген, ал жакка 2020-жылдын бюджетин колдоо үчүн каражаттар келип түшкөн (экономикалык мунапыс жана каражаттарды легалдаштыруу боюнча иш-чаралардын алкагында).


Эске салсак, Райымбек Матраимов Бажы кызматындагы коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинде пайда болот. 2019-жылдын ноябрь айында ал УКМКга суракка чакырылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн