Бугу 07, 2025
Убакыт: 10:55
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.050
1.090

Референдум жана президенттик шайлоого канча адам катыша алары айтылды

15.12.2020 11:21
783
Референдум жана президенттик шайлоого канча адам катыша алары айтылды
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого жана 2021-жылдын 10-январына белгиленген референдумга катыша ала турган 3 миллион 552 миң 582 шайлоочу бар. Бул тууралуу БШКнын башчысы Нуржан Шайлдабекова тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, бул 14-декабрга карата текшерүү баракчасынын маалыматтары.

Нуржан Шайлдабекова тизмеге өзгөртүүлөрдү 29-декабрга чейин киргизүүгө болорун тактады. Бул шайлоодо № 2 форма болбой тургандыгын, анын жоктугунан шайлоочулардын саны азайгандыгын белгиледи.  Эң көп шайлоочулардын саны Ош облусунда – 726 миң 311 адам.

Добуш берүүгө катыша турган чет өлкөлөрдө 35 575 адам каттоодо турат. Ошондой эле, Шайлдабекованын  айтымында № 2 форма чет өлкөлөрдө колдонулат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн