Бугу 05, 2025
Убакыт: 03:48
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Республика боюнча 1,7 млн тонна көмүр даярдалды, - Ашырбаев

04.09.2023 08:59
357
Республика боюнча 1,7 млн тонна көмүр даярдалды, - Ашырбаев


Республика боюнча 1 миллион 700 миң тонна көмүр даярдалды. Бул тууралуу 1-сентябрда «Биринчи» радиосунун уктуруусунда «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаев билдирди.


Ведомствонун маалыматы боюнча, республика боюнча көмүргө болгон муктаждык 2 млн 756 миң тоннаны түзөт. Анын ичинен бюджеттик мекемелерге 298 миң тонна, калкка 1 миллион 247 миң тонна, Бишкек шаарынын ЖЭБине 1 миллион 200 миң тонна керектелет.


«Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин айтымында, бул көлөмдүн 650 миң тоннасы өздүк кендерден, 550 миң тоннасын Казакстандан ташып келүү керек.


«Бүгүнкү күндө бул көлөмдөн 1 млн 700 миң тонна көмүр жыйналды. Келишимдерге ылайык, Бишкек ЖЭБине жеткирүү 1-сентябрдан тарта жүргүзүлүшү керек», - деди Канатбек Ашырбаев.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн