Бугу 03, 2025
Убакыт: 14:28
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Республикалык бюджеттин таңкыстыгы 35,6 млрд сомдон ашты

17.11.2020 10:48
741
Республикалык бюджеттин таңкыстыгы 35,6 млрд сомдон ашты

2020-жылга карата республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 137 миллиард сомду түзгөн. Ал эми чыгаша болсо 172 миллиард сом. Бул тууралуу вице-премьер-министр Равшан Сабиров билдирди. 


Анын айтымында быйылкы бюджеттин таңкыстыгы 35,6 миллиард сомдон ашык. 

"2021- жылы ички дүң өндүрүмдүн өсүшү 5%га пландалууда. Бул болсо 640 миллиард сомду түзөт. Кийинки жылы инфиляциянын көлөмү 4,6%дан ашпайт", - деп билдирди Сабиров.

Мындан сырткары каржы министри Кыялбек Мукашев 6 миллиард сом коронавирус менен күрөшүү үчүн бөлүнгөнүн анын 5 млрд сому сарпталганын калган 1 млрд сом жыл аягына чейин берилерин кошумчалап өттү. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн