Аяк оона 09, 2025
Убакыт: 18:22
USD
87.30
87.80
EUR
102.40
103.40
RUB
1.047
1.080

Резиденциянын аймагынан мектеп, бала бакча куруу үчүн 10,4 га жер бөлүнөт

09.09.2025 11:25
38
Резиденциянын аймагынан мектеп, бала бакча куруу үчүн 10,4 га жер бөлүнөт


Мамлекеттик резиденциянын аймагынан 10,48 гектар жерди Чоң-Арык айылына мектеп жана бала бакча куруу үчүн бөлүү каралууда. Мындан улам резиденциядан жер берүүгө коюлган чектөөнү алып салуу үчүн мыйзамга өзгөртүү сунушталып, долбоор коомдук талкууга илинди.


Мыйзамды Экономика жана соода министрлиги иштеп чыгып, сунуштаган. Документ жарандардын сапаттуу жана жеткиликтүү билим алуу укугун камсыз кылуу максатында иштелип чыкканы белгиленген. 


Ага чейин Бишкек шаарынын Чоң-Арык айылынын тургундары президентке кайрылып, айылда мектеп жана бала бакчанын жоктугун айтып, көйгөйдү чечип берүүнү өтүнүшкөн. 


"Калктын санынын өсүшүн жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө болгон муктаждыкты эске алуу менен аталган айылда билим берүү процесси үчүн шарттарды түзүү биринчи кезектеги милдет болуп саналат", — деп айтылат документтин негиздемесинде. 


Бөлүнгөн жерге бала бакча, мектеп жана ден соолукту чыңдоочу мекемелер салынат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн