Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:54
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Россия АКШнын жогорку даражадагы аткаминерлерине санкция киргизди (тизме)

16.03.2022 08:54
1121
Россия АКШнын жогорку даражадагы аткаминерлерине санкция киргизди (тизме)

Россия АКШнын президенти Жо Байден баш болгон 13 аткаминерлердин өздөрүнө санкцияларды салганын РФ ТИМи билдирди.


Маалыматта АКШ президентинен сырткары мамлекеттик катчы Энтони Блинкенден тарта Кошмо Штаттардагы 12 аткаминер кошулганы айтылган.


"Катары менен кабатталып, АКШнын РФтеги кызматтык адамдарга чектөө кылган санкцияларына жооп иретинде 15-марттан тарта россиялык "топ-баракчага" президент Байден, мамлекеттик катчы Блинкен, коргоо министри Остин, штаб жетекчилеринин бириккен комитетинин төрагасы Милли жана бир катар ведомстволордун жетекчилери, америкалык белгилүү ишмерлер кирди", — деп айтылган маалыматта.


Россиялык "топ-баракчага" кирген кишилер:

1.Жо Байден;

2.Энтони Блинкен;

3.Ллойд Остин;

4.Марк Милли;

5.Жейкоб Салливан — АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы;

6.Уильям Бернс — ЦРУнун директору;

7.Женнифер Псаки — Ак үйдүн маалымат катчысы;

8.Далип Сингх — АКШ президентинин орун басарынын улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы;

9.Саманта Пауэр — Эл аралык өнүгүү агенттигинин директору;

10.Хантер Байден — АКШ президентинин уулу;

11.Хиллари Клинтон — АКШнын президенттигине мурда талапкер болгон мамлекеттик ишмер;

12.Адевейл Адейемо — Финансы министринин биринчи орун басары;

13.Рета Жо Льюис — Экспорттук-импорттук банкынын президенти жана директорлор кеңешинин төрагасы.

"Муну менен катар эле эгерде алар улуттук кызыкчылыктарга жооп берсе, расмий байланыштарды колдоп тургандан баш тартпайбыз. Жогорку деңгээлдеги байланыштарды уюштуруу үчүн зарыл болгон учурда "кара тизмедеги" адамдардын статусу боюнча маселени чечкенге аракет кылабыз", — деп белгилеген РФ ТИМинен.


Жакынкы арада бул тизме дагы кеңейерин айтышты. Ага жогорку даражадагы аткаминерлердин, аскер жетекчилердин, мыйзамчылардын, бизнесмендердин, эксперттердин, медиа адамдарынын, русофобиялык маанайдагы же Россияга карата жек көрүү отун жаккан адамдардын кирерин билдирди.


Булак: "Спутник Кыргызстан"

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн