Бугу 02, 2024
Убакыт: 04:35
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Россия-Казакстан чек арасынан өтө албай калган 150дөй кыргыз бар

22.04.2020 09:50
1021
Россия-Казакстан чек арасынан өтө албай калган 150дөй кыргыз бар


Казакстандын аймагындагы казак-орус чек арасында 150дөй кыргыз жараны өтө албай ара жолдо калган. Алар 36 күндөн бери көчөдө жашап жатканын айрым маалымат каражаттары жазып чыгышты.



Соль-Илецкидеги чек арада кыргыздар курсак тойгузуу үчүн жалданып иштеп, тамак бышырып, ар ким тапкан жеринде уктап жатышат.



Алар өтүп кетебиз деген үмүт менен Москвадан чыгып, 16-мартта Казакстан аркылуу Кыргызстанга өтүп кетүү үчүн ошол жердеги чек арага келген.



"Алар аргасыздар шаар аралап жумуш издеп кетүүдө. Курулуштарга, күнөсканаларга жалданып иштеп, биртке акча таап келишет. Айрымдар ушул жерде вагондорго жүк жүктөлгөндө аны ташып иштеп жатат", - деп жазылат маалыматта.



Кээ бирлеринин айтымында, Консул аркылуу Кыргызстан 90 миң сом жардам берген, ал түгөнүп калган. Эртең мененки жана кечки тамакты ар ким өзү таап жейт.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн