Бугу 20, 2024
Убакыт: 23:51
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Россия Кыргызстанга темир жолдорду курууда жардам берет

01.05.2020 14:54
1377
Россия Кыргызстанга темир жолдорду курууда жардам берет


Кечээ, 30-апрелде "Россия темир жолу" ачык акционердик коому менен Кыргызстандын “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинин ведиоконференциясы уюштурулду.


Анда “Темир жолу”, "Балыкчы-Кочкор" темир жолун курууга Россиянын “Темир жана болот” компаниясы тарабынан узак мөөнөттүү инвестициялык негизде техникалык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө талкуу болуп өттү.


Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Василий Дашков Россия тарапка тез арада макулдашылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.


“Албетте бул долбоор биз үчүн стратегиялык мааниге ээ, аны Кыргызстанды 2018-2040-жылдарга карата Улуттук өнүгүү стратегиясына киргизүү жана долбоорду өзгөчө көзөмөлгө алуу каралган”, - деди ал.


Өз кезегинде «Россия темир жолдору» ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Сергей Павлов бул долбоорго ар тараптуу жардам берүүгө даяр экендигин белгиледи.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн