Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:41
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Россияда КР жарандарын чартердик каттамга киргизүү үчүн алдап акча алган 8 факты аныкталды

04.08.2020 15:45
987
Россияда КР жарандарын чартердик каттамга киргизүү үчүн алдап акча алган 8 факты аныкталды


Акыркы күндөрү Россиядагы кыргыз жарандарын мекенине чартердик авиа каттамдар аркылуу жөнөтүү тизмесине кошуу боюнча алдамчылык иш аракеттер орун ала баштады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырдаалды колдонуу менен алдоо жолу аркылуу акча каражатын алышып, Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинин алдындагы атайын комиссия тарабынан түзүлгөн мекенине учуп кетүүчү жарандардын тизмесине киргизип жиберүүгө аракет кылышууда. Жогорудагы окуялар боюнча жарандар арасында нараазычылыктар жаралып, ар кандай пикирлерди социалдык тармактарда таратышууда.

Мындан улам укукка каршы аракеттерди аныктоо жана ага бөгөт коюу максатында Элчиликтин алдында арыздар менен кайрылууларды кароо үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы менен жалпы 8 алдамчылык фактысы аныкталды", - деп жазылат маалыматта.

Алардын бири 28-июль күнү ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө Баткен облусунун тургуну 1994-жылы туулган А.Д. арыз менен кайрылган. Анда ал Москва шаарындагы консулдук бөлүмүнө Кыргызстанга кайтып кетүү үчүн чартердик каттамдарга тизмеге кирүүгө арыз менен кайрылганы келип, бир бала менен таанышып калганын, ал Элчилик тарабынан уюштурулуп жаткан чартердик каттам менен учуу үчүн кезексиз тизмеге киргизүүгө жардам берем деп акчасын алган бойдон изин жашырып качып кеткенин билдирген.  

Бул факты Россия ИИМнин Москва шаарынын Якиманка райондук полиция бөлүмүнө катталган. Иликтөөнүн жыйынтыгында шектүүнүн өздүгү такталып, ал Чүй облусунун тургуну 1990-жылы туулган К.М. болуп чыккан. Азыркы учурда Якиманка райондук ички иштер бөлүмү бул факты боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Ошондой эле, Ош облусунун эки тургуну элчиликтин кызматкеримин деп тааныштырган адамга 60 миң рублга жакын акчасын алдатышкан. Бул боюнча дагы “Алдамчылык” фактысы менен кылмыш иши козголуп, Аксы районунун 1997-жылы туулган С.А. аттуу жашоочусу кармалды жана азыркы учурда РФдин мыйзамдарына ылайык баш коргоо чарасы чечилүүдө.

ИИМдин басма сөз кызматы кошумчалагандай, жарандарды тизмеге киргизүү бекер жана мигранттарга жардам көрсөтүү ирээтиндеги ортомчулук кызматтар кайтарымсыз.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн