Россиянын Краснодар аймагындагы Ейск шаарында Су-34 бомбалоочу истребители көп кабаттуу үйлөрдүн бирине кулады. Бул тууралуу орус маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка караганда, Су-34 истребителинин кыймылдаткычынан машыгуу учурунда от чыгып, башкарылбай кулаган. Мындан улам истребителдин учкучтары коопсуздук чараларын көрүп, чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн.
Аталган кырсыктан кеминде 3 адам каза таап, 15 адам жабыркаган. Ошондой эле 17 батир зыянга учураган.
Аталган үйдүн жашоочулары убактылуу жашоочу жайларга эвакуацияланган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн