Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Россияда абакта отурган жарандын сөөгү согуш талаасынан алынып келди

01.02.2023 10:37
256
Россияда абакта отурган жарандын сөөгү согуш талаасынан алынып келди

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев Россияда абакта жаза мөөнөтүн өтөп отурган жарандардын орус-украин согушуна катышып калып жатканын билдирди.


"Ноокен районунун Алишеров Аян аттуу тургуну Россияда иштеп жүрүп, мыйзам бузуп камалып кеткен. Жакында анын сөөгү Луганск облусунан алып келинди.

Ал кантип орус-украин согушуна катышып калды? Бул конфликтке кыргыз жарандарынын эч кандай тиешеси жок. Ошондуктан Россиядагы абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кыргыз жарандары боюнча маселени колго алыш керек ",- деди депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн