Бугу 19, 2024
Убакыт: 05:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Россиядагы элчилик социалдык тармакта кас адамдарды аныктоо тууралуу тараган маалыматты төгүндөдү

27.10.2022 09:05
270
Россиядагы элчилик социалдык тармакта кас адамдарды аныктоо тууралуу тараган маалыматты төгүндөдү

Социалдык тармактарда Россиянын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын арасында кас адамдарды аныктоо жана зыянсыздандыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү боюнча документтин көчүрмөсү делген сүрөт тарады.


РФтин КРдеги элчилиги бул маалымат чындыкка дал келбесин айтты.


Дипломатиялык өкүлчүлүк Россиядагы чет элдик жарандарды, анын ичинде кыргызстандыктарды чагымчыл аракеттерге алдырбоого жана расмий булактардын маалыматына гана көңүл бурууга чакырат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн