Бугу 03, 2025
Убакыт: 20:11
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Россияга баруу үчүн атын алмаштырган кыргызстандык кармалды

23.06.2020 20:11
1750
Россияга баруу үчүн атын алмаштырган кыргызстандык кармалды


Россиянын аймагына эки ирет мыйзамсыз кирүүгө шектелип кыргыз жараны Омск облусунда кармалды. Бул тууралуу kvnews.ru басылмасы жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, 2018-жылы кыргыз жаранына Россиянын аймагына кирүүгө 10 жылга тыюу салынган. Бирок ал аты-жөнүн өзгөртүп, жаңы паспорт алып, аталган өлкөнүн аймагына кайрадан кирген. Ал эми Россиянын укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз аракеттер аныкталып, шектүү кармалган.


2019-жылы “Ольховка” көзөмөл өткөрү жайынан аты-жөнүн өзгөрткөнүн жашырып Казакстандан Россиянын аймагына эки ирет өткөн. Ал күнөөсүн толугу менен моюндаганы айтылат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн