Бугу 04, 2025
Убакыт: 02:50
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Россиянын үч облусунда мигранттарга карата киргизилген чектөө кыргыз жарандарына тиешелүү эмес

17.02.2022 08:38
675
Россиянын үч облусунда мигранттарга карата киргизилген чектөө кыргыз жарандарына тиешелүү эмес

Россия Федерациясынын үч субъектисинде (Тюмень облусу, Калуга облусу, Ханты-Мансийск автономиялык округу) чет өлкөлүк эмгек мигранттарын соода, коомдук транспорт, коомдук тамактануу тармагында иштөөгө тартууга тыюу салуу киргизилгендиги тууралуу маалыматка байланыштуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги түшүндүрмө берди. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык,  чектөөлөр Кыргыз Республикасынын жарандарына жайылтылбайт.


"ЕАЭБ жөнүндө Келишимдин 97-беренесинин 2-пунктуна ылайык, «Мүчө -мамлекеттер улуттук эмгек рыногун коргоо максатында, ушул Келишимде белгиленген чектөөлөрдү кошпогондо, өз мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү орнотпойт жана колдонбойт».

Россиянын иш берүүчүлөрүнүн Кыргызстандын жарандарын Россиянын бул үч облусунда ишке орноштуруудан баш тартуу фактылары болгон учурда, аракеттерди көрүү үчүн Элчиликтин [email protected] электрондук дарегине жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүүнү суранат",- деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн