Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 03:52
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Руслан Акматбек: "Бажы тармагы кардиналдуу өзгөрүүгө муктаж"

13.12.2022 13:27
6046
Руслан Акматбек: "Бажы тармагы кардиналдуу өзгөрүүгө муктаж"


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бажы тармагы толук санариптешүүгө өтүп, аткезчиликке каршы чаралар жолго салынганын жарыялады. Ал эми депутаттар жана саясатчылар бажыдагы көмүскө иштер дагы деле иштеп жатканын, бажы жетекчилери улам алмаштырылып, аткезчилик агымдарын көмүскө көзөмөлдөө өнөкөтү күчүндө экенин айтышууда.


- Бажы тармагында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров белгилегендей өзгөрүү болдубу?


- Негизи бажы тармагы, жол коопсуздук кызматы сыяктуу укук коргоо жана фискалдык органдар азыр системдүү өзгөрүүгө муктаж. Бул иште видеобайкоочу камералар жөнөкөй эле көмөк берип, техникалык жактан колдоо көрсөтө алат. Баардык өлкөлөрдө эле ушундай. Ал эми мына ошондой эле техникалык каражаттар аркылуу будамайлоонун толгон-токой жолдору бар. Мында кадрдык саясаттан баштап, аткезчиликти ооздуктай турган механизмдер, иш алып баруу принциптери, баалуулуктар киргизилиши кажет. Азыр мына ошолордун баардыгы мурдагыдай эле калды да. Бул тармакта системалуу өзгөрүүгө алып келген реформа болгон жок. Ошондуктан видеобайкоочу камералар аркылуу гана жыйынтыкка жетишүү кыйын.


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн