Бугу 20, 2024
Убакыт: 20:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Руслан Казакбаев Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары менен жолугушту

14.12.2023 16:02
229
Руслан Казакбаев Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары менен жолугушту


Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Бурак Акчапар менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу саясий, соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө маселелери талкууланды.

Тараптар ошондой эле 2023-жылдын 4-октябрында Стамбул шаарында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Түркиянын Тышкы иштер министрлиги саясий консультациялардын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү боюнча пикир алышты.

Тараптардын 2023-жылдагы өз ара аракеттенүүсүнүн жыйынтыгы чыгарылып, алдыда боло турган иш-чаралардын графиги да каралып, келерки жылга пландаштырылган эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги жолугушуулар талкууланды.

Эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү жана тереңдетүү, өлкөлөр ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнү жогорулатуу маселелерин анын ичинде Кыргыз-Түрк өнүктүрүү (инвестиция) фондун түзүү жолу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасына түрк инвестицияларын тартуу жана Кыргызстандагы түрк компанияларынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелерди чечүүнү кеңири талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөлөр ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү маселелери, ошондой эле Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына даярдык көрүү маселелери талкууланды.

Кыргыз тарап ошондой эле Кыргызстандын 150 жаранын Түркиянын медициналык мекемелеринде жыл сайын бекер дарылоону караган Саламаттык сактоо жана медицина илимдери жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашууну ишке ашырууну эртерээк кайра баштоонун маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле берилген квотаны жылына 500 адамга чейин кеңейтүү өтүнүчүн билдирди.

Ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын жарандарынын өз ара саякаттоосу, келүү шарттарын жеңилдетүү жана эки мамлекеттин жарандары үчүн визасыз режимди узартуу маселелери талкууланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн