Кулжа 29, 2025
Убакыт: 16:52
USD
87.20
87.70
EUR
101.80
102.80
RUB
1.110
1.135

Шашылыш билдирүү: Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт

29.04.2020 18:41
947
Шашылыш билдирүү: Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт


Кыргызстандын аймагында эртең, 30-апрелден 3-майга чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт, деп билдирди Гидрометеорология боюнча агенттигинин басма сөз кызматы.


Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет. Абанын температурасы төмөндөйт.


Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.


29-апрелден 3-майга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн