Бугу 20, 2024
Убакыт: 02:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Шашылыш билдирүү! Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт

08.05.2024 15:02
135
Шашылыш билдирүү! Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт


10-12-майда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.


Синоптиктер 11-майда жана 12-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде катуу жамгыр, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы күтүлөрүн маалымдашты.


Абанын температурасы төмөндөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.


Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат, айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтириши мүмкүн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн