Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:38
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Шавкат Мирзиёев Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан т/ж куруу боюнча алдын ала иштер башталганын билдирди

02.05.2024 17:16
415
Шавкат Мирзиёев Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан т/ж куруу боюнча алдын ала иштер башталганын билдирди


Чет элдик өнөктөштөр менен биргеликте Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан жана Өзбекстан— Афганистан — Пакистан темир жолдорун куруу боюнча алдын ала иштер башталды. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн III Ташкент эл аралык инвестициялык форумунда сүйлөгөн сөзүндө айтканын "Кабар" агенттигинин кабарчысы окуя болгон жерден билдирди.

Анын пикиринде, бул стратегиялык долбоорлор аймактагы геоэкономикалык кырдаалды толугу менен өзгөртүп, Борбордук Азияны Түндүк менен Түштүктү, Чыгыш менен Батышты бириктирген глобалдык транзиттик борборго айлантат.

"Өзбекстан инвесторлорду жана эл аралык уюмдарды Улуу Жибек жолун заманбап негизде калыбына келтирүү боюнча бул ири аймактык долбоорлорго катышууга чакырат", - деди өзбек лидери.

Эске сала кетсек, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол магистралы — Кытай менен Өзбекстандын темир жолдорун Кыргызстандын аймагы аркылуу бириктирип, андан ары Түркмөнстан, Иран жана Түркия аркылуу Жаңы Жибек Жолунун транспорт системасынын бир бөлүгү катары Европа темир жол тармагына туташтыруу үчүн таанылган 454 чакырымдык темир жол.

Буга чейин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Элдик курултайда темир жолдун курулушу 2024-жылы башталарын айткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн