Бугу 14, 2024
Убакыт: 05:49
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Шектүүлөр кармалды. Бишкектин четинде 2 жашар бала сабалып каза болду

Шектүүлөр кармалды. Бишкектин четинде 2 жашар бала сабалып каза болду


28-сентябрда милицияга Аламүдүн районунун Көк-Жар жаңы конушунда белгисиз себептерден улам 2021-жылы туулган С.А. каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.


Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы 3-октябрда билдиргендей, бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Киши өлтүрүү») менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган


Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, баланын өлүмүнө денесине алган оор жаракаттар жана боорунун жарылуусу себеп болгон.


Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөр кармалды. Алар баланын апасы 2000-жылы туулган К.А. жана анын шериги, 1996-жылы туулган М.А.А., чет өлкөлүк жаран болуп чыкты. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


Учурда тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн