Бугу 02, 2025
Убакыт: 22:22
USD
87.30
87.80
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.090

Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри Фумио Кисида менен телефон аркылуу сүйлөштү

13.08.2024 15:38
543
Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри Фумио Кисида менен телефон аркылуу сүйлөштү


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-августта, Япониянын Премьер-министри Фумио Кисида менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Садыр Жапаров Япониянын түштүк-батышында жакында болгон жер титирөөгө байланыштуу жапон элине колдоо сөздөрүн билдирди.

Алар кыргыз-япон мамилелеринин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулап, ошондой эле эки тараптуу жана регионалдык кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашты.

Өз кезегинде Фумио Кисида Япония Кыргызстан жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен мамилелерди чыңдоого берилгендигин айтты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн