Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 04:47
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары аяктады

17.03.2023 09:12
309
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары аяктады


Президент Садыр Жапаровдун Түркия Республикасына 15-16-мартта болгон иш сапары аяктады.

Анкара шаарында Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана башка чөйрөлөрдө байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурушту.

Мамлекет башчылары эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо, ошондой эле эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, стабилдүүлүгүнө жана гүлдөп-өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү максатында дүйнөлүк аренада диалогго жана кызматташууга умтула тургандыгын ырасташты.

Иш сапарынын экинчи күнүндө Мамлекет башчысы Түрк мамлекеттер уюмуна катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин (ТМУ) кезексиз жыйынына катышты.

Садыр Жапаров өз сөзүндө тездик менен өзгөрүп жаткан дүйнөдө аймактык кызматташтык заманбап мамлекеттер аралык мамилелерде кыйла таасирдүү жана натыйжалуу куралга айланып баратканын белгиледи.

Ал белгилегендей, кыргыз тарап Уюмга мүчө мамлекеттердин жогорку деңгээлдеги жолугушууларын үзгүлтүксүз өткөрүүгө чоң маани берет. Катышуучу мамлекеттердин ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээли сакталып турат.

ТМУ катышуучу-мамлекеттердин башчыларынын Саммитинин кезексиз жыйынынын жыйынтыгында жыйынтыктоочу декларацияга жана башка документтерге кол коюлду.

17-мартка караган түнү Президент Садыр Жапаров иш сапарын аяктап, Бишкек шаарына кайтып келди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн