Тогуздун айы 26, 2025
Убакыт: 13:48
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.070
1.110

Президент Космосбек Чолпонбаев менен Алтынай Өмүрбекованы кызматтан бошотту

01.04.2020 11:35
1343
Президент Космосбек Чолпонбаев менен Алтынай Өмүрбекованы  кызматтан бошотту


Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Маалыматка ылайык, Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-апрелде кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматынан Алтынай  Өмүрбекова жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри кызматынан Космосбек Чолпонбаев  бошотулган.  


Эскерте кетсек, кечээ, 31-марттагы Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн сынга алган болчу.   

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн