Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:24
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Салык кызматы 9 айда казынага 4,2 млрд сом өндүрдү

18.10.2021 13:53
1359
Салык кызматы 9 айда казынага 4,2 млрд сом өндүрдү

2021-жылдын 9 айында салык карызын мажбурлап өндүрүү боюнча көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы менен бюджетке 4 млрд 224,8 млн сом өндүрүлгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд 237,2 млн сомго көп же өсүү ыргагы 141,4% болду.


Салык карызын мажбурлап өндүрүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө 3 млрд 615,3 млн сом өндүрүлгөн.


Мындан тышкары, салык төлөөчүлөрдүн алыш-бериш эсептерине 1 млрд 367,9 млн сомго 1 миң 306 салык-төлөм талаптары коюлуп, анын ичинен 392,8 млн сом өндүрүлгөн.


Ошондой эле жыл башынан бери 1 млрд 616,7 млн сом суммасындагы 1 миң 130 материал сотко берилди. Анын ичинен 1 млрд 269,6 млн сом суммасында 568 материал бюджеттин пайдасына салык карызын өндүрүүгө каралды.


Салыктарды бюджетке өз убагында төлөбөгөндүк үчүн 4,9 млн сом суммасында 2 миң 306 айып салынган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн