Бугу 06, 2024
Убакыт: 09:49
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Салык кызматкерлери товарларды мыйзамсыз ташып кирүү фактысына бөгөт койду

25.03.2024 16:17
781
Салык кызматкерлери товарларды мыйзамсыз ташып кирүү фактысына бөгөт койду


Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте "Ак-Тилек - автожол" көзөмөл — өткөрүү пунктунда ири өлчөмдө дары-дармек каражаттарын, кездемелерди жана балык уулоочу шаймандарды мыйзамсыз ташып кирүү фактысын токтотушту.

Ведомстводон белгилешкендей, жогоруда аталган продукция өлкөнүн аймагына "жеке колдонуу үчүн мурда колдонулган" деген шылтоо менен алынып келген.

Учурда жүктүн кимге таандык экендиги жана келтирилген зыяндар тууралуу маалыматтар такталууда. Кароонун жыйынтыгы боюнча иштин материалдарына юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Белгилей кетсек, консолидацияланган жүктүн курамында ишкердик максаттар үчүн товарлар импорттолсо, алуучу импорттоочуну/ташуучуну ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттун максаттары үчүн салыктык каттоо жөнүндө маалымкаттын каттоо номери жана товарларды эсепке алуу пунктуна андан ары берүү үчүн эсеп-фактура менен камсыз кылууга милдеттүү.

Салык кызматы өлкөнүн аймагындагы эсепке алынбаган товарларды аныктоо боюнча ишин улантууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн