Бугу 03, 2025
Убакыт: 14:04
USD
87.30
87.80
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.090

Селден улам Токмок – Шамшы – Туюк унаа жолу жабылды

11.07.2024 14:48
323
Селден улам Токмок – Шамшы – Туюк унаа жолу жабылды


Чүй облусундагы Токмок – Шамшы – Туюк унаа жолунун 21-30-чакырымдар аралыгында селдин кесепеттерин жоюу жумуштары жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жеринде “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №34 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатышат. Бүгүн кечке дейре каттамды ачуу аракети көрүлүүдө.

Белгилей кетсек, түнү менен нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Токмок – Шамшы – Туюк унаа жолунда сел жүрүп, жол убактылуу жабылган.

“Учурда тазалоо, кеңейтүү иштери менен катар жолдун суу жеп кеткен жерлери жана көлөмү такталууда. Тиешелүү өкүлдөр менен биргеликте жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн