Бугу 21, 2024
Убакыт: 16:47
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Сергей Шин: Газдаштыруу Бишкектеги кара түтүндү жеңүүгө жардам берет

30.03.2021 12:08
1784
Сергей Шин: Газдаштыруу Бишкектеги кара түтүндү жеңүүгө жардам берет

Сергей Шин - Бишкек шаардык кеңешинин тажрыйбасы бай депутаттарынын бири. 2004-жылы алгачкы жолу мандатка ээ болгон. Ошол жылдардан коомчулуктун кызыкчылыгын өз кызыкчыктарынан жогору коюу менен кызмат өтөп, өзүн тажрыйбалуу саясатчы катары көрсөтө алды. Алдыдагы шаардык кеңешинин шайлоосуна “Эмгек” партиясынан аттанууда. 


- Акыркы жылдары борбор калаа өзгөрдү. Чоң-чоң парктар салынып, линияга муниципалдык транспорт көбүрөөк чыга баштады. Үйлөрдүн короолорунда балдар аянтчалары курулуп, веложолдор салынып дегендей... Аталган жумуштардын кайсысына салымым бар деп айта аласыз?


- Кайсы бир нерсени жалгыз өзүм жасадым дегеним туура эмес болуп калат го. Бардык жакшы тарапка болгон өзгөрүүлөр шаардык кеңештин депутаттарынын жана мэриянын коллективдик иштеринин жыйынтыгы. 


- Учурда "Эмгек" партиясы менен депутаттыкка аттанып жатыптырсыз? Аталган партия сизге эмнеси менен жакты?


- "Эмгек" партиясынын пландары чоң жана күчтүү стратегиясы бар экен. Ошол эле учурда биринчи кезекте ишенимдүү команда демекчимин. Мен ар дайым эл кызматы үчүн кимдер менен иштешүүгө туура келет экенин карайм. "Эмгек" партиясында жогорку квалификациялуу адистер жетиштүү жана шаар системасы кандай иштээрин, бюджети кантип түзүлөөрүн жакшы билген учурдагы депутаттар бар. Партиянын программасын ишке ашырууга болот. 


- Кара түтүндүн айынан Бишкек шаары дүйнөнүн эң кир делген шаарларынын сап башында туруп келет. Аталган маселени кантип чечүүгө болот деп ойлойсуз? 


- Менин байкоом боюнча кара түтүн шаарды кышындагы үйгө от жагуу мезгилинде гана каптайт. Ал эми жайкысын таза. Айрымдар кара түтүндү ЖЭБден көрсө, кээ бирлери шаардык таштандыдан көрүп келет. Ал эми маселе аларда гана эмес. Борбор калааны айланта көптөгөн калктуу конуштар жайгашкан. Алардын инженердик инфраструктурасы жок, үйлөр көбүнчө көмүр менен жылытылып, кээ бир учурларда резина да жагылат. Менин оюмча аларды газдаштыруу зарыл. Ошондо гана балким, борбор калаанын абасы тазарат. 


- Жаңы салынган парктардан таштанды менен туура эмес токтотулган унааларды көргөн көңүл чөгөрөт. Бул маселени кантип чечүүгө болот деп ойлойсуз? 


- Мен өзүм Советтер союзунда чоңойгом. Ал убакта мындай көрүнүштөр жок эле. Биз акырындык менен маданияттуулугубуздан тайып баратабыз. Чоңдор балдарга туура тарбия берүүсү керек. Болбосо абал өзгөрбөйт. 


- Биз аз мурдараак шаардык кеңеште жол кирени көтөрүү маселеси тууралуу маалымат айтылып, ал шаар тургундарын дүрбөлөңгө салды. Буга карата сиздин позицияңыз кандай?


- Биздеги транспорт мурдатан эле дотацияланган. Менимче, алгач пенсия менен айлык акыны көтөрүп туруп анан жол кирени кымбаттаткан туура болот. Баарын кылдаттык менен эсептеп, карап чыгуу керек. 


- Сиздин оюңузча борбор калаага бөлүнгөн каражат жетиштүүбү? 


- Быйылкы жылга карата шаарга деп бөлүнгөн бюджет жетишсиз. Бирок, инвестиция тартып келсе болот. Өкмөт, мэрия жана шаардык кеңеш үчөө биригип инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүсү керек. Анткени, алар идеясы, каражаты менен Кыргызстанга келгенде өзүн ишенимдүү жана коопсуз сезиши зарыл.


"Эмгек" саясий партиясынын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Омуралиева тарабынан каржыланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн