Бугу 20, 2024
Убакыт: 20:18
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Сириядан Кыргызстанга дагы 31 аял жана 65 бала кайтарылды

08.12.2023 16:40
224
Сириядан Кыргызстанга дагы 31 аял жана 65 бала кайтарылды


Бүгүн, 8-декабрда Сириянын түндүк-чыгышындагы атайын лагерлерде жүргөн Кыргызстандын жарандарын репатриациялоо боюнча кезектеги "Айкөл-4" гуманитардык миссиясы ишке ашырылды.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, КР президенти жана министрлер кабинети тарабынан коюлган тапшырмаларга ылайык, Кыргызстандын жараны болгон 31 аял киши жана 65 жашы жете элек бала Жакынкы Чыгыштан Кыргызстанга атайын учак менен кайтарылды.

"Кыргыз тарап Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнө атайын операцияны өткөрүүгө ар тараптуу жардам жана бул гуманитардык процессти ийгиликтүү ишке ашыруунун алкагында логистикалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондуна (ЮНИСЕФ) жана Эл аралык Кызыл Крест комитетине турмуштук оор кырдаалда калган жарандарды репатриациялоо боюнча төртүнчү ири кампанияны өткөрүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирет", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн